Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 5
Атай айыл аймагындагы эски жолду Кызыл Октябрь жолун пайдалануу, жол каттамын жакшыртуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын улуттук өнүктүрүү стратегиясынын алкагында курулуп жаткан Тундүк-Түштүк альтернативдүү Балыкчы –Жалал-Абад автоунаа жолунун курулушунан чыккан асфальттын калдыктарын Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы эски жолго пайдалануу максатында Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясын сунушун угуп, талкуулап Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы-Жалал-Абад автоунаа жолунун курулушунан чыккан чыккан асфальттын калдыктарын Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы эски жолду пайдалануу үчүн (Кызыл Октябрь жолун) Көк арт көпүрөсүнөн тартып жолго төгүүгө уруксат берүү жөнүндөгү Атай айыл өкмөтүнүн 02.05.2017-жыл № 36 - токтому бекитилсин.
2.”Чайна Роуд энд Бридж Корпорэшин ин Кыргызстан”Кытайлык жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу корпорациясына жаңы курулуп жаткан жолдон чыккан асфальттын калдыктарын төгүү менен жолду таптоо иштерин жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Бобукеевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |