Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июну № 2
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынын протоколун бекитип берүү жана эс алуучу жайдын айланасын тосууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынында көтөрүлгөн маселелерди колдоп жана эс алуучу жайдын айланасын тосууга айыл өкмөтүнүн бюджетинин тартыштыгынан акча каражатынан жардам берүү тууралуу кайрылууларын угуп жана талкуулап,
Атай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 05.07.2017 –жылдагы элдик жыйынынын Карл Маркс айылынын № 11, Атай айылынын №12 протоколу бекитилсин (токтом тиркелет).
2. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 1,500 (бир жарым) млн сомдук эс алуучу жайдын айланасын тосуу боюнча акча каражатын “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” мекемесинин бюджеттик каражатынын эсебинен каржыланышына долбоор жазылып сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге тапшырылсын.
4. Токтомдун бир нускасы “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” мекемесинин башкармалыгына жана байкоочу Кеңешине жиберилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |