Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июлу № 3
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынын протоколун бекитип берүү жана камаз автомашинасын алууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынында көтөрүлгөн маселелерди колдоп жана камаз автомашинасын алуу боюнча айыл өкмөтүнүн бюджетинин тартыштыгынан акча каражатынан жардам берүү тууралуу кайрылууларын угуп жана талкуулап, Атай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 05.07.2017 –жылдагы Карл Маркс айылынын элдик жыйынынын № 11,Атай айылынын №12 протоколу бекитилсин (токтом тиркелет).
2. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 3,150 (үч млн жүз элүү миң) млн сомдук камаз автомашинасын алуу боюнча акча каражатын “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” мекемесинин бюджеттик каражатынын эсебинен каржыланышына долбоор жазылып сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге тапшырылсын.
4. Токтомдун бир нускасы “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” мекемесинин башкармалыгына жана байкоочу Кеңешине жиберилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |