Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-августу № 2
Айыл өкмөтүнүн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Айыл аймактык Кеңешинин " Пландоо бюджет" боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп талкуулап айылдык Кеңешинин кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнт 2017-жылдагы сметада каралган каражаттан билим берүү бөлүмүнүн мектептеринин тех ремонту үчүн 2215 беренесинен 2221 беренесине 20,0 ( Жыйырма миң ) сом , жана башкаруу аппараттын 2215 беренесинен 3112 беренесине 50,0 ( Элүү миң) сом автоунаа алуу үчүн беренеден беренеге жылдырылып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Атай айыл өкмөтүнүн фин экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин пландоо -бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Атай айыл Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |