Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-августу № 3
Атай айыл аймагынын коомчулугунун муктаждыктарын чечүү жөнүндө
Атай айыл аймагынын коомчулугунун муктаждыгын чечүү үчүн Атай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын Карл Маркс айылына ФАП,Саймалуу таш мектебинин эски складын бузуп,ордуна 4-класска чейинки билим алган өспүрүмдөрдүн тамактануусу үчүн ашкана куруу,Атай айылына эс алуу паркына ,1 км Атайжолун асфальттоо курулуштарынын АПУ,ИТУ чиймелерин чийүүгө 108,0(Бир жүз сегиз миң)сом акча каражаты Тогуз-Торо райондук “Өнүктүрүү фондусу” мекемесинин бюджеттик каражатынын эсебинен каржыланышына сунушталсын.
2. Бул токтомдун акарылышын камсыз кылуу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге тапшырылсын.
3. Токтомдун бир нускасы Тогуз-Торо райондук “Өнүктүрүү фондусу” мекемесинин башкармалыгына жана байкоочу Кеңешине жиберилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |