Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-августу № 4
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы корукчуларга күзгү корукка бир айга эмгек акы чечип берүү жөнүндө
Атай айылдык кеңешинин план-бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Ташматовдун сунушун угуп жана талкуулап,
Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Көк-Жар ,Чоң-Дөбө ,Уй булак участкаларынын корукчуларына күзгү оруп -жыюу мезгилине бир айга 6300 ( алты миң үч жүз ) сомдон эмгек акы төлөнүп берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттен 22154900 беренесинен 18900 (он сегиз миң тогуз жүз ) сом акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн фин.экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Атай айыл кеңешинин план-бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |