Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-сентябры № 1
Атай айылдык кеңешинин агрардык маселелер жана жол курулуш боюнча туруктуу комиссиясы Атай айыл аймагынын 05.09.2017-жылдагы жалпы жыйынынын № 13-протоколун угуп талкуулап Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Тогуз-Торо токой чарбасына 10 жылдык мөөнөт менен өтүп кеткен 2060 га аянты, Атай айылынын Кормоцех участкасынын Султан көчөсүндөгү калктуу конушту 10 га аянты менен айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кайтарып алуу жөнүндөгү Атай айыл аймагынын жамаатынын жалпы жыйынын 05.09.2017-жылдагы №13 протоколу бекитилсин.
2. Токтомдун көчүрмөсү Тогуз-Торо токой чарбасына жөнөтүлсүн жана токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу жагы айыл айыл өкмөт башчысы Б.Бобукеевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер жана жол курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |