Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-октябры № 1
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Атай айылынын кичи футбол аянтчасына Чотоев Орунбектин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо,социалдык маданий маселелер,агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чотоев Орунбектин балдарынын кайрылуусу эске алынып, Атай айылынын тургундарынын жалпы жыйынынын 2017-жыл 16.10. № 17- протоколу бекитилсин.
2. Атай айылынын кичи футбол аянтчасы Чотоев Орунбек атындагы кичи футбол аянтчасы деп аталсын.
3. Атай айылында кичи футбол аянтчасында жылына бир жолу футбол оюунун уюштуруу жана майда ремонтторун жасап туруу Чотоев Ниязбекке тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Бобукеев Бакдөөлөт Рыскулбековичке милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |