Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-октябры № 2
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Карл Маркс айылынын кичи футбол аянтчасына Базарбаев Дүйшөнбек Алтымышовичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо,социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясынынсунушун угуп, талкуулап
Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бир туугандарынын жана балдарынын кайрылуусу эске алынып, Атай айылынын тургундарынын жалпы жыйынынын 2017-жыл 13.10.№ 16- протоколу бекитилсин.
2. Карл Маркс айылынын кичи футбол аянтчасы Базарбаев Дүйшөнбек Алтымышович атындагы кичи футбол аянтчасы деп аталсын.
3. Карл Маркс айылында кичи футбол аянтчасында жылына бир жолу футбол оюунун уюштуруу жана майда ремонтторун жасап туруу Базарбаев Темирлан Алтымышовичке тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Бобукеев Бакдөөлөт Рыскулбековичке милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |