Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-октябры № 3
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлери райондук Токой чарбасына жана Саймалуу-Таш улуттук паркына өтүп кеткен жайыттарды кайтарып алуу жөнүндө
Атай айыл Кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап
Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагына караштуу жайыт жерлер райондук Токой чарбасына жана Саймалуу-Таш улуттук паркына өтүп кеткендиктен, жайыттарды кайтарып алуу боюнча Атай, Карл-Маркс айылдарындагы жалпы жыйынынын 18.10.2017-жылдагы №18,19 протоколдору бекитилсин.
2. Атай айыл аймагына караштуу жайыт жерлери райондук Токой чарбасына жана Саймалуу-Таш улуттук паркына өтүп кеткендиктен, жайыттарды кайтарып алуу жагы чечип берүү тууралуу Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына кат жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Бобукеев Бакдөөлөт Рыскулбековичке милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |