Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-декабры № 1
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө.
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жөнүндөгү “ Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси ”, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Салык кодекси жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жеткирилген контролдук цифранын негизинде, Айылдык Кеңештин план-бюджет жана финансы боюнча туруктуу туруктуу комиссиясында каралып,
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Атай айыл Кеңешинин
IV чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 5971,3 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 5971,3 миң сом суммасында № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Атай айыл өкмөтүнүн 2019- 2020- жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу № 2 тиркемеге ылайык жактырылсын:
2019-жылга 5991,9 миң сом суммасында.
2020-жылга 5926,3 миң сом суммасында
3. Атай айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү № 3 тиркемелерге ылайык салык жана салык эмес төлөмдөрү, трансферттер жана башка кирешелер боюнча түшүүлөрдун эсебинен түзүлсүн.
4. Атай айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга ылайык № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Атай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 1% 55,5 миң сом суммасындагы резервдик фонду болуп бекитилсин.
6. Атай айыл өкмөтүнүн аппараттын структурасы жана штаттык түзүмү № 6 тиркемеге ылайык, маданият тармагынын кызматерлеринин штаттык түзүмү № 7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер ( эмгек акы, соц фонддуна чегерүүлөр, тамактануу) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча
( электрэнергия, көмүр, суу, телефон байланышы ж.б) жүргүзүлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген электрэнергия боюнча лимиттин негизинде сарамжалдуу пайдалануу, ар ай сайын тиешелүү мекемелер менен эсептешүү иштери камсыз кылынсын.
9. 2018-жылга даярдалып жаткан долбоорлор үчүн түрткү берүүчү гранттын 15% дык өздүк салымы жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
10. Бул Токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык Кенешинин « Пландоо бюджет » боюнча туруктуу комиссиясына жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К. Эркуловко тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |