Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-декабры № 2
Атай айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаа алуу жөнүндө
Атай айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо ,социалдык маданий маселелер, пландоо –бюджет боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун угуп,талкуулап Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгы тарабынан сунушталган 2002-жылы чыгарылган,кузовунун №ХТА 21213021695806,кыймылдаткычынын көлөмү 1,7 “ВАЗ”-21213 маркасындагы автоунааны Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы Атай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине(балансасына)кабыл алынсын.
2. Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы Атай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
3. Жогорудагы аты аталган автотранспорт каражаты жергиликтүү бюджетте каралган каражатынын эсебинен каржылансын.
4.Тиешелүү документтерди бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К. Эркуловко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |