Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 1
”Джи Эл Макмал Деволопинг”ЖЧК тарабынан Тогуз-Торо районунун Казарман кыштагына курулуп жаткан алтын ылгоочу фабриканын курулушун токтотуу жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Атай ,Карл Маркс айыл тургундарынын кайрылууларын карап, айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын сунушун угуп, талкуулап Атай айыл кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.” Джи Эл Макмал Деволопинг”ЖЧК тарабынан курулуп жаткан алтын ылгоочу фабриканын курулушуна жана иштешине каршы болгон жалпы депутаттардын пикири эске алынып,курулуп жаткан комбинаттын иши токтотулсун.
2.” Джи Эл Макмал Деволопинг”ЖЧК тарабынан курулуп жаткан алтын ылгоочу фабриканын курулуш иштерин токтотуу ” Джи Эл Макмал Деволопинг”ЖЧК сынын генералдык директору М.Жээналиевге жана менеджери Р.Асеиновго тапшырылсын.
3. ”Макмал алтын ” комбинатындагы “Дамбаны” жабуу боюнча “Кыргызалтын ” Ачык Акционердик Коомунун директору А.Алимбековдон жана “Кыргызалтын ”Ачык Акционердик Коомунун филиалы “Макмалалтын” Ачык Акционердик Коомунун директору К.Дыйкановдон суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү Атай айыл кеңешинин төрагасы У.Шериповго милдеттендирилсин.
5. Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |