Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-марты № 1
Атай айыл өкмөтүнүн аймагында 2017-жылдын 12 айына карата социалдык –экономикалык абалын көтөрүү максатында жүргүзгөн иштери жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн аймагында 2017-жылдын 12 айына карата социалдык –экономикалык абалын көтөрүү максатында айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевдин иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге инвестиция тартуу, Атай ,Карл Маркс айылдарынын”Таза Суу “ долбоорлорун, Тогуз-Торо районунун “ Өнүктүрүү фондусу” мекемесинин бюджеттик каражатынын эсебинен техника алуу , Атай айылынын борбордук көчөсүнүн жолун оңдоону тез арада ишке ашыруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |