Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-марты № 2
Атай айыл өкмөтүнүн 1-январь 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетинин бюджеттик каражаттарынан калган калдыгы жөнүндө.
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жөнүндөгү “ Кыргыз Республикасынын Бюджеттин кодекси ”, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Салык кодекси жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жеткирилген контролдук цифранын негизинде ,Айылдык Кеңештин Бюджет, экономика муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик ички жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясында каралды.
Атай айыл өкмөтүнүн 1-январь 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетинин бюджеттик каражаттарынан калган калдыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловдун билдируусун угуп жана талкуулап чыгып Атай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Январь 2018-жылга карата Атай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бюджеттик каражаттарынан калган калдыгы 649,5 миң сом мунун ичинен
Аппаратка -385,5 миң сом
- аппараттын 2215 беренесинен 170,0 миң сом өткөрүлө турган долбоор үчүн жана өздук салымга жумшалат.
2214 беренесинен 85,5 миң сом Өзгөчө Кырдаалдардын алдын алуу максатына жумшалат,
2214 беренесинен 30,0 миң сом авто тетиктер үчүн.
2721 беренесинен 100,0 миң сом калкка социалдык жардам көрсөтүү үчүн.
3112 беренесине каралган 74,0 миң сом компьтер алуу үчүн .
Айылдык клубка -30,0 миң сом айылдык клубдун 2215 беренесине каралган 30,0 миң сом үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна,
Балдар бакчасына -100,0 миң сом
-мунун ичинен 2218 беренесине каралган 100,0 миң сом азык түлүк товарлары үчүн,
Мектептерге -60,0 миң сом 2231 беренесинен 60,0 миң сом электр энергиясы үчүн жумшалат.
№1 тиркемеге ылайык аткарыла турган иш-чаралардын тизмесинин негизинде бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык Кенешинин « Пландоо бюджет » боюнча туруктуу комиссиясына жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К. Эркуловко тапшырылсын.
Атай айыл Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |