Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-марты № 3
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы жөнүндө
Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы угуп талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жыйынтыгы менен экономдолгон акча каражатынын эсебинен, 200 000(эки жүз миң)сом акча Атай айылдык кеңешинин чечиминин негизинде, Атай айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн бөлүнүп берилген. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражатына 1995-жылы чыккан АУДИ-А6 маркасындагы автоунаа сатылып алынган. Бүгүнкү күндө автоунаанын акыбалы начар, тетиктери эски, моторунан май чыгып айдоого мүнкүнчүлүк болбогондуктан, менчике сатылып, бюджеттен кеткен 200 000(эки жүз миң)сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн эсептик счетуна төгүлүп берилсин.
2. Бул токтомду ишке ашыруу Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө план-бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |