Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-марты № 4
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Урөн чарбаны” айыл өкмөтүнүн алдындагы “ Муниципалдык үрөн чарбаны” уюштуруу жөнүндө
Атай айыл Кеңешинин Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер боюнча жана агрардык маселелер жана жол курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Үрөн чарбаны” айыл өкмөтүнүн алдындагы “Муниципалдык үрөн чарба” кылып ачуу тууралуу 2018-жылдагы 20-февралындагы КарлМаркс айылынын № 8 протоколу, 21-февралындагы Атай айылынын жалпы жыйындарынын № 9- протоколу бекитилсин.
2.Токтомдун бир нускасы Кыргыз Республикасынын айыл чарба,тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Бобукеев Бакдөөлөт Рыскулбековичке милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |