Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-марты № 5
Айыл чарба багытындагы жерлердин ижара мөөнөтү бүткөндөргө ижарага берүүгө чек киргизүү жөнүндө
Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо,социалдык маданий маселелер,агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагы боюнча айыл чарба багытындагы нымдуу кайрак жерлердин ижара мөөнөттөрү бүткөн жарандардын мөөнөтүн узартууда 5( беш)гектардан ашык жер аянты берилбесин.
2. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана тартиби типтүү жобого ылайык комиссия түзүлсүн, комиссиянын макулдугу менен айыл өкмөтүндө жашаган айыл тургундарына берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевке, жер жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси М.Асановго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Атай айыл кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |