Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-марты № 7
Атай айыл өкмөтүнүн айылдык клубуна Аттокуров Мукай Аразовичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо,социалдык маданий маселелер,агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аттокуров Мукай Аразовичтин уулу Аразов Автандилдин кайрылуусу эске алынып, Атай айылынын тургундарынын жалпы жыйынынын 2018-жыл 26.01. № 1- протоколу бекитилсин.
2. Атай айылынын айылдык клубуна Аттокуров Мукай Аразовичтин ысмы берилсин.
3. Аттокуров Мукай Аразович атындагы айылдык клубу деп аталсын.
4. Атай айылдык клубун жаңы инвентарлар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү Аразов Автандилге тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Бобукеев Бакдөөлөт Рыскулбековичке милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |