Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-марты № 8
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдык №4 УДТ на Жумабаев Дербиштин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо,социалдык маданий маселелер,агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумабаев Дербиштин уулу Жумабаев Эсенаман Дербишовичтин кайрылуусу эске алынып , Атай айылынын тургундарынын жалпы жыйынынын 2018-жыл 12.02. № 4- протоколу бекитилсин.
2. Атай айылынын айылдык №4 ҮДТ на Жумабаев Дербиштин ысмы берилсин.
3. Жумабаев Дербиштин атындагы №4 ҮДТ деп аталсын.
4. Жумабаев Дербиштин атындагы №4 ҮДТун долбоор аркылуу ремонт иштерин жүргүзүүгө ,жаңы инвентарлар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү Жумабаев Эсенаман дербишовичке тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Бобукеев Бакдөөлөт Рыскулбековичке милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |