Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-апрели № 1
Атай айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаачылык жумаштарынын башталганына байланыштуу ортоңку, алыскы жайыттарга көчүрүү , малга бада уюштуруу жана баасын бекитүү жөнүндө
Атай айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, план-бюджет жана финансы жана социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясын сунушун угуп талкуулап Атай айыл кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаачылык айдоо-себүү иштери өз убагында жүргүзүлсүн жана техникалардын раценкалары төмөндөгү баада бекитилсин:
Айдап себүүгө 1(бир )гектарга 900 (тогуз жүз) сом акча 25 литр май;
Себүүгө 1(бир) гектарга 400 ( төрт жүз ) сом акча 10 литр май ;
Малалоого 1(бир) гектарга 400(төрт жүз) сом акча 10 литр май;
Айдоо аянттарын тегиздөө -600(алты жүз) сом 15 литр май
Чөп чабууга боюнча;
Жатка гектарына 1500 (бир миң беш жүз ) сом, 10 литр май,
Чөп престөө майы,жиби ичинде 13(он үч ) сомдон,
Тырмоо -400(төрт жүз) сом,10 литр май,
Косылка 900(тогуз жүз)сом,15 литр май,
Таштанды чыгаруу боюнча ;
Кварталына бир жолу Түтунгө 20(жыйырма)сомдон
2. Айыл аймагында ички жайыттарга 1- майдан 5-майга чейин көчүүрүү айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Алыскы жайыттарга көчүү ,көчүп келүү 1-октябрга белгиленсин.
4. Айыл аймагында бадачыга мал баккан акысы үчүн төмөндөгүдөй баада бекитилсин жана ар бир малга ашыкча алынган сом үчүн патент киргизүү жагы эскертилсин;
- Бир баш бодо малга 300(үч жүз)сом
- бир баш жандык малга 50(элүү)сом
5. Бул токтомду аткаруу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевке тапшырылсын жана көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо ,план-бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |