Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну № 1
Атай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бюджеттик каражаттарынан калган калдыгы жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бюджеттик каражаттарынбөлүштүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловдун билдируусун угуп жана талкуулап чыгып Атай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бюджеттик каражаттарынан
- Мектептердин тех.ремонтуна 2215 беренесинен 2221 беренесине 20,0 миң сом ,
-Атай айылынын Д.Залимтөрөев,Жаркынбай,Т.Маметов көчөлөрүн оңдоо боюнча 2215 беренесинен 2221 беренесине 150,0 миң сом өздук салымга ,
-Атай айыл өкмөтүнө Тогуз-Торо Өнүктүруу фондусу мекемеси тарабынан айыл чарба техникасы СК –Нива алууга 22155 беренесинен 2221 беренесине 300,0 миң сом өздук салымга ,
-2214 беренесинен 50,0 миң сом Өзгөчө Кырдаалдардын алдын алуу максатына жумшалат,
-Атай айыл аймагындагы жапайы өскөн кара куурайларды жок кылууга 5,0 миң сом,
- Атай айыл өкмөтүнө интернет байланышын кошууга 15,0 миң сом ,
- Саке-Бий балдар бакчасынын айланасын тосууга 2215 беренесинен 50,0 миң сом
бөлүнүп берилсин.
-Жергиликтүү кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрагаларынын квалификациясын
жогорулатуу боюнча курска катышууга 2215 беренесинен 1500 сом
бөлүнүп берилсин.
2. Бул Токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык Кенешинин « Пландоо бюджет » боюнча туруктуу комиссиясына жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К. Эркуловко тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |