Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-июну № 2
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылдарга иш планын бекитүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Абдылдаевдин 2018-жылдарга түзүлгөн иш планынын маалыматын угуп жана талкуулап,
Атай айыл Кеңешинин IVчакырылышынын кезексиз ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылдарга түзүлгөн бюджети жана иш планы бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине келген Погрузчик техникасынын тарифи бекитилсин.
3.Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылдарга түзүлгөн планын ишке ашыруу жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин башчысы Б.Абдылдаевге тапшырылсын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |