Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы № 2
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Атай -Биримдик”муниципалдык ишканасынын уставына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
“Атай -Биримдик”муниципалдык ишканасынын уставына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Атай айылдык кеңешке келген кайрылуусун угуп талкуулап ,”Атай-Биримдик” муниципалдык ишканасынын уставынын 10.1. жобосуна ылайык Атай айыл кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ,”Атай-Биримдик” муниципалдык ишканасынын уставынын 10.1. жобосуна ылайык ,экинчи бөлүмүнүн 2.3 пунктуна;
-жер айдоо,малалоо,тегиздөө,себүү жумуштарын аткаруу;
-чөп чабуу,тырмоо жана чөп таңгактоо жумуштарын аткарып элге кызмат көрсөтүү;
-эгин оруп –жыюу жумуштарын аткарып элге кызмат көрсөтүү;
Жогорудагы кызмат көрсөтүүлөр боюнча сөздөр кошулуп,өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Атай айыл өкмөтүнун башчысы Б.Бобукеевге жана “Атай-Биримдик” муниципалдык ишканасынын башчысы У.Сталбек уулуна тапшырылсын.
3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Атай айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |