Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы № 3
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Атай -Биримдик”муниципалдык ишканасына Тогуз-Торо райондук Өнүктүрүү фондусунун бюджетинин эсебинен бөлүнгөн тиешелүү акча каражатын кароо жөнүндө
Тогуз-Торо райондук Өнүктүрүү фондусунун бюджетинин эсебинен Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Атай -Биримдик”муниципалдык ишканасына тиешелүү акча каражатын бөлдүрүп берүү боюнча Атай айылдык кеңешке келип түшкөн кайрылуусун угуп талкуулап , Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын колдоонуудагы мыйзамдарына ылайык
Атай айыл кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн ,”Атай-Биримдик” муниципалдык ишканасына лизинге “Айыл -Банк” ААК нан 10-жылдык мөөнөткө ,бир жылдык пайызы 6% менен 1(бир )даана комбайн”Нива-Эффект” – 4 000 000 (төрт миллион)сомго,7 жылдык мөөнөткө , бир жылдык пайызы 8% менен 1(бир)даана пресс-подборщик “ТУКАН-1600 “-840 000 (сегиз жүз кырк миң ) сомго, баардык жылпы баасы 4 840 000 (төрт миллион сегиз жүз кырк миң) сомго алынсын. Өздүк салым болгон 40% же 1 936 000 (бир миллион тогуз жүз отуз алты миң) сом акча каражатынын 500 000 (беш жүз мин)сому Тогуз-Торо райондук Өнүктүрүү фондунун бюджеттик каражатынын эсебинен суралсын жана бул 500 000 (беш жүз мин) сом акча каражаты лизинг алуудагы 40% болгон өздүк салымга жумшалсын.
2. Комбайынды жана пресс-подборщикти алуу жагы “ Атай-Биримдик ”муниципалдык ишканасы аркылуу жүргүзүлсүн.
3. Лизингдин өздүк салымы төлөнгөндөн кийинки бөлүгүн 6 пайыздан ,8 пайыздан алынган(насыны) баардык акча каражаттарын төлөө жагы “ Атай-Биримдик”муниципалдык ишканасынын бюджетинен жана Атай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн жана эки тарапка өз убагында бул милдеттенмени аткаруу жагы бирдей милдеттендирилсин.
4.Лизингке техникалар милдеттүү түрдө мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүлсүн жана камсыздандырууга кеткен акча каражаты өздүк салымдан жумшалсын.
5. Лизингке комбайнды жана пресс-подборщикти алууда “Атай-Биримдик” муниципалдык ишканасына жана директоруна баардык тиешелүү документтерге кол коюу укугу кепилдик келишимин “Айыл-Банк ” ААК менен түзүү , кол коюу жана башка лизингке тиешелүү иш-чараларга иш алып барганга кат жүзүндө макулдук берүү жагы Атай айыл өкмөтүнун башчысы Б.Бобукеевге тапшырылсын.
6. Бул токтомду аткаруу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге жана ФЭБ башчысы К.Эркуловго милдеттендирилсин.
7. Бул токтом Атай айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Атай айылдык кеңешинин план-бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Ташматовго милдеттендирилсин.
9. жогорудагы токтом Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык дуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |