Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы № 4
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Атай айылдык кеңешинин план-бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын,айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К. Эркуловдун сунушун угуп жана талкуулап
Атай айыл кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.” Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө “ келишими бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде бекитилген 2008-жылдын 24-ноябрындагы №192 буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К. Эркуловго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн экономист-статисти А.Садыкбековага милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |