Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы № 5
Атай айыл өкмөтүнүн 21-январь 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин бюджеттик каражаттарынан калган калдыгы жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жөнүндөгү “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси ”, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Салык кодекси жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жеткирилген контролдук цифранын негизинде ,Айылдык Кеңештин Бюджет, экономика муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик ички жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясында каралды.
Атай айыл өкмөтүнүн 21-январь 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин бюджеттик каражаттарынан калган калдыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Атай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 21-Январь 2019-жылга карата Атай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бюджеттик каражаттарынан калган калдыгы 1607581 миң сом мунун ичинен;
Аппаратка -1507600 миң сом
- аппараттын 2215 беренесинен 1300,0 миң сом жаңы өткөрүлө турган долбоорго жана комбайндын өздук салымына жумшалат.
2214 беренесинен 117,0 миң сом Өзгөчө Кырдаалдардын алдын алуу максатына жумшалат,
2211 беренесинен 23,0 миң сом өткөн жылдан бересе болгон кызматчыларга берилет
2212 беренесинен 30,0 миң сом уюлдук телефонго жана интернетке жумшалат.
2231 беренесинен 37,6 миң сом электр энергиясына жумшалат
Жалпы баары 1507600 сомду түздү
Айылдык клубка -100,0 миң сом
айылдык клубдун 2215 беренесине каралган 100,0 миң сом бул акча каражаты капиталдык ремонттун өздүк салымына жумшалат.
Мындан сырткары атайын каражаттан да 52,5 миң сом үнөмдөлгөн бул акча каражатынан аппаратка 2215 беренесине 44,7 миң сом долбоорго
Бала бакчанын 2218 беренесинен 7,8 миң сом тамак-ашка жумшалат.
№1 тиркемеге ылайык аткарыла турган иш-чаралардын тизмесинин негизинде
бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык Кеңешинин «Пландоо бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К. Эркуловко тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |