Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-апрели № 3
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Атай -Биримдик” муниципалдык ишканасынын айыл чарба техникаларын шаймандары менен жеке жактарга ижарага берүү жөнүндө
“Атай -Биримдик”муниципалдык ишканасынын айыл чарба техникаларын жеке жактарга ижарага берүү жөнүндө Атай ,Карл Маркс айылдарынын жалпы жыйынынында айтылган сунуш пикирлерди эске алып Атай айыл кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай,Карл Маркс айылдырынын жалпы жыйынынын 08.04.2019-жылдагы №4,№5 протоколдору бекитилсин.
2. ”Атай-Биримдик” муниципалдык ишканасынын айыл чарба техникалары шаймандары менен 8(сегиз) жылдык мөөнөткө жеке жактарга ижарага берилсин.
3. Жеке жактар менен мыйзам чегинде келишим түзүү ”Атай-Биримдик” муниципалдык ишканасынын бухгалтери Ташматов Замирбек Кыязбековичке милдеттендирилсин.
4. Түзүлгөн келишимге ылайык жеке жактардан түшкөн ижара акылары акча каражаттары кириштелип кайра жаңы техника сатып алынсын.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Атай айыл өкмөтүнун башчысы Б.Бобукеевге жана “Атай-Биримдик” муниципалдык ишканасынын башчысы У.Сталбек уулуна милдеттендирилсин.
6. Жеке жактарга берилген техникалар айыл аймактан сыртка сатылбасын жана элге кызмат көрсөтсүн.
7. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Атай айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |