Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-апрели № 6
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы корукчуларга жазгы,күзгү корукка эмгек акы чечип берүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловдун сунушун угуп жана талкуулап
Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Көк-Жар,Чоң-Дөбө,Уй-Булак участкаларынын корукчуларына жазгы айдап-себүү жана оруп –жыюу мезгилине 10,0(он миң) сомдон эмгек акы төлөнүп берилсин.
2. Корукчуларды жумушка кабыл алуу ”Атай-Биримдик” муниципалдык ишканасынын директору Сталбек уулу Урматка тапшырылсын.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Погрузчик техникасынан түшкөн 50,0(элүү миң) сом акча каражатын “Атай-Биримдик” муниципалдык ишканасынын эсебине которуп берүү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Б.Абдылдаевге милдеттендирилсин.
4. Атай үрөн чарбасынан 10,0(он миң) сом акча каражатын “Атай-Биримдик” муниципалдык ишканасынын эсебине которуп берүү үрөн чарба башчысы У.Шериповго тапшырылсын.
5. Корукчулар менен келишим түзүлсүн.
6. ”Атай-Биримдик” муниципалдык ишканасынын бюджетинен 30,0(отуз миң)сом акча каражаты түзүлгөн келишимдин негизинде корукчуларга бөлүп берүү муниципалдык ишканасынын бухгалтери З.Ташматовго милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Атай айылдык кеңешинин план-бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |