Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-апрели № 7
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча ардактуу ,айылга эмгеги сиңген адамдарды райондун “Ардактуу атуулуна” көрсөтүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Атай, Карл Маркс айылдарындагы жалпы жыйынынын протоколунун негизинде сунуштарды угуп , талкуулап
Атай айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн Карл Маркс айылынын тургуну Сейталиева Турганбүнү Атай айылынын тургуну Досматов Керимбек Сапарович Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулуна ” көрсөтүлсүн.
2. Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулуна ” Карл Маркс айылынын тургуну Сейталиева Турганбүнү ,Атай айылынын тургуну Досматов Керимбек Сапаровичти көрсөтүү үчүн райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |