Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-августу № 1
Прессподборщик алууга Атай –Биримдик муниципалдык ишканасынын бюджетинен өздүк салымга акча каражат бөлдүрүү жөнүндө
Атай айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, план-бюджет жана финансы жана социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун угуп жана талкуулап, Атай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Прессподборщик алууга “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоор даярдап сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге тапшырылсын.
2.” Атай –Биримдик “муниципалдык ишканасынын бюджетинен өздүк салымга 430,0(төрт жүз отуз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү “Атай -Биримдик” муниципалдык шканасынын директору Сталбек уулу Урматка милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү “ Пландоо бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |