Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-августу № 3
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик каражаттарын которуу жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Атай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн аппаратынын атайын каражат счетуна элден жолдун өздүк салымы үчүн төгүлүп жаткан акча каражатын чыгымдоо боюнча 3111 беренесине 320560 миң сом кошумча план берүүңүздөрдү сурайбыз.
2. Токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык Кеңешинин “ Пландоо бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына жана финансы экономика бөлумүнүн башчысы К.Эркуловко тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |