Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры № 1
Атай айыл өкмөтүнүн 2019-жыл 6 ай ичинде социалдык –экономикалык өнүгүүсүнүн абалын көтөрүү боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Бобукеев Бакдөөлөт Рыскулбековичтин билдирүүсүн угуп, талкуулап Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Бобукеев Бакдөөлөт Рыскулбековичтин 2019-жылдын 6 ай ичинде социалдык –экономикалык өнүгүүсүнүн абалын көтөрүү боюнча жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Атай ,Карл Маркс айылдарынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында "Таза Суу " долбоорлорун өз убагында ишке берүү, сапаттуу бүткөрүү жагын көзөмөлгө алуу жана айыл аймагына инвестиция тартуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге тапшырылсын.
3. Айыл аймагында пайдаланылбай калган айыл чарбасынын айдоо аянттарын кыскартуу боюнча иш жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жарге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси М.Асановго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин “ Пландоо бюджет” боюнча туруктуу мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер боюнч туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |