Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры № 2
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн штат бирдигин жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 29-июль 2019-жылдагы №95 –буйругу менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Типтүү келишимди бекитүү тууралуу” мыйзамын ишке ашыруу максатында Атай айыл кеңешинин план –бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча жетектөөчү адис штат бирдиги түзүлгөн келишимге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду аткаруу Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге жана финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин план – бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |