Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры № 3
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жыл 6 ай ичинде жүргүзгөн иштери тууралуу
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсепчиси Ташматов Замир Кыязбековичтин маалыматын угуп жана талкуулап,
Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылдын 6 ай ичинде жүргүзүлүп жаткан иштери белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө”мыйзамына ылайык жайыттарды туура пайдалануу багытында иштерди жүргүзүү жана жайыт акы төлөмдөрүн 2019-жылдын ноябрь айына чейин толук өндүрүү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Б.Абдылдаевге милдеттендирилсин.
3. Атай айыл өкмөтүнүн аймагында жайлоодо мал кармап жаз,күз кан алып эмдөө, ири мүйүздүү малдарды,жылкыларды фиксациялоодо кыйынчылыктар болгондуктан мал ээсинин жана жеке ветеринардык адистердин коопсуздугун камсыздоо максатында “фиксатор ” станокторун АРИС аркылуу алуу жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин башчысы Б.Абдылдаевге тапшырылсын.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин толук курамы менен биргеликте жыйын уюуштуруу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |