Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры № 4
Атай айыл аймагындагы “Атай -Биримдик” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн кароо жөнүндө
“Атай -Биримдик”муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча Ташматов Замирбек Кыязбековичтин маалыматын угуп жана талкуулап . сунуш пикирлерди эске алып Атай айыл кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы ”Атай-Биримдик” муниципалдык ишканасынын бухгалтери Ташматов Замирбек Кыязбековичтин 2019-жылдын 6 ай ичинде жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
2. ”Атай-Биримдик” муниципалдык ишканасынын айыл чарба техникаларынын кызмат көрсөтүү акылары 2019-жылдын 9 айына карата толук өндүрүү жана маалымат берүү “Атай-Биримдик” муниципалдык ишканасынын башчысы Сталбек уулу Урматка милдеттендирилсин .
3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Атай айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |