Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры № 6
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү жана дан эгиндерин жыйноочу комбайн алууга “Жалал-Абад облусунун Өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоор даярдап сунуштоо жөнүндө
Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХX сессиясы талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын 06.09.2019-жылдагы №7 протоколу бекитилсин.
2. Эгин жыйноочу комбайн алуу үчүн “Жалал-Абад облусунун Өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоор даярдап өткөрүү жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү Атай айыл Кеңешинин “План- бюджет жана финансы ” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |