Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры № 7
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы №5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин класс комплектисин кароо жөнүндө
№5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеп директору Б.Жылтырованын кайрылуусун угуп, талкуулап Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айылындагы №5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде класс кабинеттери 30 окуучуну окутууга тар болгондугуна байланыштуу 1-класс, 2—класс,4-класстары 2019-2020-жаңы окуу жылына класс комплектөөгө экиден класс болуп бекитилсин.
2. №5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 11-класста окуучулардын саны 10 болгондугуна байланыштуу 2019-2020-жаңы окуу жылына класс комплектөөгө бир класс болуп бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу №5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Б.Жылтырова милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |