Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры № 8
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы №11 Саймалуу-Таш жалпы билим берүүчү орто мектебинин класс комплектисин кароо жөнүндө
№11 Саймалуу-Таш жалпы билим берүүчү орто мектеп директору Б.Аалиевдин кайрылуусун угуп, талкуулап Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карл Маркс айылынын калкынын санын эске алуу менен №11 Саймалуу-Таш жалпы билим берүүчү орто мектебинде мектеп окуучуларынын саны 11 окуучуга жетпегендиктен 2-класс , 4-класс, 6-класс, 8-класс, 9-класс, 10-класс, 11 –класстары 2019-2020-жаңы окуу жылына класс комплектөөгө бирден класс болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу №11 Саймалуу-Таш жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Б.Аалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |