Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры № 9
Айыл өкмөтүнүн аймагында тиричилик таштандыларды төгүүчү жайга жер аянттарын тандоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Саламаттык-Сактоо Министрлигинин мамлекеттик санитардык –эпидемиологиялык кызматынын талаптарын ишке ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн жер тандоо боюнча түзүлгөн комиссиясынын актысын угуп, талкуулап сунуш-пикирлерди эске алып Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн санитардык-эпидемиологиялык нормаларга ылайык Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Ат жол”участкасынын Шаркыратма жер тилкесинен айыл чарбага жараксыз жерден 0,75 га жер тилкесинин 764-контурунан тиричилик таштандыларды төгүүчү жайга;
2. Карл Маркс айылынын аймагынан “Кара коо”участкасынан айыл чарбага жараксыз жерден 0,35 га жер тилкеси 1602 контурунан тиричилик таштандыларды төгүүчү жайга бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси М.Асановго милдеттендирилсин.
3. Тиричилик таштанды төгүүчү жайга бөлүнгөн жер аянттарын трансформациялоодон өткөрүү жана мамлекеттик актысын алуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, агрардык маселелер жана жол курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |