Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры № 10
Айыл өкмөтүнүн аймагында турак жай салууга жана топурак алууга жер аянттарын тандоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин талаптарына ылайык жер жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу максатында айыл өкмөтүнүн жер тандоо боюнча түзүлгөн комиссиясынын актысын угуп, талкуулап сунуш-пикирлерди эске алып Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жабыр талаа участкасынын 698-контурунан 13 гектар кайрак ,Баракан участкасынын 181 контурунан 11 гектар,216 контурунан 3,7 гектар жер кайрак ,Сары талаа участкасынын 237 контурунан 31 гектар кайрак , Кара Талаа участкасынын 1612 контурунан 50гектар жер аянттары жалпы турак жай салууга ;
2. Атай айылынын жолдун үстүнөн 741 контурунан 1,50гектар жер аянты,Карл Маркс айылынын “Кара коо”участкасынын 1602 контурунан 1,50 гектар жер аянттары айыл чарбага жараксыз жерден, жалпы 3,0 гектар жер аянтын топурак алууга бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси М.Асановго милдеттендирилсин.
3. Тиричилик таштанды төгүүчү жайга бөлүнгөн жер аянттарын трансформациялоодон өткөрүү жана мамлекеттик актысын алуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин агрардык маселелер жана жол курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |