Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры № 11
Айыл өкмөтүнүн аймагында калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу кум ,шагыл алууга жер аянтарын тандоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы №43 токтомуна ылайык жер жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу максатында айыл өкмөтүнүн жер тандоо боюнча түзүлгөн комиссиясынын актысын угуп, талкуулап сунуш-пикирлерди эске алып Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Атай ,Карл Маркс айылдарынын ички жолдорун кара шагыл менен бодурлоо иштери жүрүп жаткандыктан шагыл алууга Атай суусунун жээгинен Молдалиев Өмүрбектин сарайынын тушунан 0,1 гектар жер тилкесинен;
2. Атай ,Карл Маркс айылдарынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында "Таза Суу " долбоорлору негизинде иш жүргүзүлүп суу түтүктөрүн жаткырууга казылган жер тилкесине кум төшөөгө Калдама участкасынан “Кум кыя” жер тилкесинен 1392-1393 контурларынан 0,1 гектар жер тилкелеринен кум , шагыл алууга бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси М.Асановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин агрардык маселелер жана жол курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |