Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры № 12
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик каражаттарын которуу жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн финансы экономика болүмүнүн башчысы К.Эркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Атай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн аппаратынын 2019-жылдагы эсептөө палатасынан келген текшерүүнүн жыйынтыгы менен 2721 беренеде каралган акча каражатын төмөндөгү беренелерге: 1. 2211 беренесине 35000 (отуз беш)миң сом, 2.2215 беренесине 46900 (кырк алты миң тогуз жүз)сом, 3. 3111 беренесине 600 (алты жүз) сом жалпы: 82500 (сексен эки миң беш жүз)сомду жогорудагы беренелерге жылдырып берүү жагы каралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык Кеңешинин “ Пландоо бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловко тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |