Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры № 13
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик каражаттарын которуу жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Атай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектеп , бала бакчаларга видео көзөмөл койдуруп берүү үчүн айыл өкмөтүнүн аппаратынын 2215 беренесинен 3112 беренесине 40,0 (кырк миң)сом акча каражаты ;
2. Мектеп ,бала бакчаларга көмүр үчүн бөлүнүп берилген акча каражатынан 46325(кырк алты миң үч жүз жыйырма беш ) сом үнөмдөлгөн акча каражатын Саймалуу-Таш орто мектебинин ашканасын курууга долбоор даярдоого 2224 беренесинен 2215 беренесине жылдырып берүү жагы каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык Кеңешинин “ Пландоо бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловко тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |