Загрузка документа…
ИСКРА АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-марты № 10-01/3
“Панфилов” атындагы пионер лагеринин мүлк комплексин 5,88 жер участогу менен Искра айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү калкка жеткиликтүү кызмат кылуу максатында “Панфилов” атындагы пионер лагеринин мүлк комплексин 5,88 жер участогу менен Искра айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу боюнча Искра айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. “Панфилов” атындагы пионер лагеринин мүлк комплексин 5,88 жер участогу менен Искра айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин;
2. Аталган лагердеги эс алуу жана ден соолукту чыңдоого ылайыкташкан имараттарын заманбап кылып оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө каржылоо донор уюмдары жана жергиликтүү бюджет тарабынан каражат каралсын;
3. Искра айылындагы “Панфилов” атындагы пионер лагерди өнүктүрүү боюнча социалдык-экономикалык планын Искра айыл өкмөтүнүн аппараты иштеп чыксын;
4. Искра айылындагы “Панфилов” атындагы пионер лагерди Искра айылынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу иштерин жүргүзүү Искра айыл өкмөтүнүн аппаратына тапшырылсын;
5. Тиешелүү иштерди жана юридикалык документтерин бүткөрүү жагы Искра айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Бодбаевге жүктөтүлсүн.
Искра айылдык кеңешинин төрагасы | Б.Джумашов |