Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 3
Атай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата түзүлгөн социалдык – экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата түзүлгөн социалдык –экономикалык өнүктүрүү программасын Атай айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, план-бюджет жана финансы жана социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясын сунушун угуп талкуулап,
Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата түзүлгөн социалдык – экономикалык өнүктүрүү программасы бекитилсин.
2. Атай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата түзүлгөн социалдык – экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин « Пландоо бюджет » ,мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, агрардык маселелер жана жол курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |