Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 4
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлер Саймалуу-Таш улуттук корук паркына ,райондук Токой чарбасына өтүп кеткен жайыттарды кайтарып алуу жөнүндө
Атай айыл Кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап
Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагына караштуу жайыт жерлер Саймалуу-Таш улуттук корук паркына райондук Токой чарбасына өтүп кеткендиктен, жайыттарды кайтарып алуу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн жер жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Асанов Махмутбек Райымбековичке тапшырылсын.
2. Атай айыл аймагына караштуу жайыт жерлер Саймалуу-Таш улуттук корук паркына, райондук Токой чарбасына өтүп кеткендиктен жайыттарды кайтарып алуу боюнча тиешелүү министрликке кат жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Бобукеев Бакдөөлөт Рыскулбековичке милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |