Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 5
Айыл өкмөтүнүн аймагында“Күнөскана” курууга жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин талаптарына ылайык Атай айыл Кеңешинин агрардык маселелер жана жол курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап сунуш-пикирлерди эске алып Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХXII сессиясы талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айылынын тургуну Масыракунов Кубанычбекке “Күнөскана”курууга өзүнүн турак жайынын түндук батыш тарабынан айыл чарбага жараксыз жерден 824 контурунан бөлүнүп берилген 0,12 га жер аянты трансформациялоого уруксат берилсин.
2. Трансформациялоодон өткөрүү жана мамлекеттик актысын алуу айыл тургуну Масыракунов Кубанычбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин агрардык маселелер жана жол курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |