Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы № 1
Атай айыл өкмөтүнүн 1-январь 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин бюджеттик каражаттарынан калган калдыгы жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жөнүндөгү “ Кыргыз Республикасынын Бюджеттин кодекси ”, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Салык кодекси жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жеткирилген контролдук цифранын негизинде ,айылдык кеңештин бюджет, экономика муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик ички жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясында каралды.
Атай айыл өкмөтүнүн 1-январь 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин бюджеттик каражаттарынан калган калдыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловдун билдируусун угуп жана талкуулап чыгып Атай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Январь 2020-жылга карата Атай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бюджеттик каражаттарынан калган калдыгы 966802 миң сом мунун ичинен
Аппаратка -966802 миң сом
- аппараттын 2215 беренесине 85,0 миң сом өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында жумшалат.
2215 беренесине-181802 миң сом жаңы курулуп жаткан парктын ар кандай чыгымдарына жумшалат,
3111 беренесине-700,0 миң сом жаңы өткөрүлө турган долбоорлордун өздүк салымына жумшалат.
Жалпы баары 966802 сомду түздү.
Мындан сырткары атайын каражаттан калган калган калдыктар боюнча төмөндөгүдөй чыгымдалат;
Аппараттын 2215 беренесине 55193 сом жаңы иштелип жаткан долбоорлордун ар кандай чыгымдарына жумшалат,
Бала бакчанын 2218 беренесине 76086,20 тыйын тамак-аш алуу үчүн жумшалат.
Атайын каражаттын калдыгы 131279,20 тыйынды түздү.
№1 тиркемеге ылайык аткарыла турган иш-чаралардын тизмесинин негизинде
бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык Кенешинин « Пландоо бюджет » боюнча туруктуу комиссиясына жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К. Эркуловко тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |