Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы № 2
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Барктабас жалпы билим берүүчү орто мектебинин эски имаратын пайдаланууга берүү жөнүндө
Барктабас жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Б.Жылтырованын жазган кайрылуусун талкуулап , сунуш-пикирлерди эске алып Атай айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Барктабас орто мектебинин эски имаратынын күн батыш тарабынан 6 класстык бөлмөгө 50 орундуу мектепке чейинки билим берүү уюму убактылуу жайгаштырылсын.
2. Барктабас орто мектебинин эски имаратынын күн чыгыш тарабынан 2 класстык бөлмө мектеп окуучуларынын ден соолугун чыңдоо ,спорт менен машыгуусуна шарт түзүп берүүгө убактылуу пайдаланууга машыгуучу жай катары бөлүнүп берилсин.
3. Машыгуучу жайды мыйзам чегинде уюштуруу талапка ылайык шарт түзүү ,мектеп окуучуларынын коопсуздугуна жоопкерчиктүү адисти дайындоо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге милдеттендирилсин.
4. Мектеп окуучуларынын машыгуу убактысына чектөө коюулсун.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
6. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |